Сириядагы кол салууну колдогондор да, айыптагандар да бар

14-Апр. 2018, Ишемби, 15:59

Путин: Эң катаал түрдө айыптайбыз

“Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин санкциясы жок, БУУнун уставын, эл аралык укуктун нормаларын жана принциптерин бузуп, террорчулук менен күрөштүн акыркы чектерине жетип калган суверендүү мамлекетке кол салды”,-деди Россиянын президенти Владимир Путин Батыштын коалициясынын ракеталык кол салуусу боюнча өз оюн билдирип жатып. Путиндин бул билдирүүсү Кремлдин сайтына жарыяланды. Ал соккуга химиялык куралды шылтоо кылышканын, БУУнун Коопсуздук кеңешин кезексиз жыйынга чакырарын белгиледи.

Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаманей: Сирияга кол салууларын эч бир жеңиши болбогон кылмыш

“АКШ жана союздаштары Сириядагы кылмыштардан эч пайда таппайт. Сирияга кол салуу кылмыш”,-деди.

ЕБ кеңешинин төрагасы Туск: Союздаштарыбыздын жанында болобуз

Европа биримдигинин Кеңешинин төрагасы Дональд Туск Сириядагы абал боюнча “Тwitter” тармагына билдирүү жасады. Анда “АКШ, Франция жана Англия тарабынан болгон кол салуулар Сирия режими, Россия жана Иранга бул адамзаттын трагедиясы эч бир кун болбостон уланбай тургандыгын далилдеди. ЕБ катары союздаштарыбыз жана адилет менен бирге болобуз”,-деди.

Жумушчу партиясынын лидери Жереми Корбин

Англиядагы башкы оппозициядагы Жумушчу партиясынын лидери Жереми Корбин Сириядагы кол салуу мыйзамдуу түрдө суракка алына турган кадам экенин айтты. “Бул сокку ансыз да кыйратуучу жаңжалды күчтөт. Бул кадам согуштук кылмыштар жана химиялык кол салуу боюнча суракты көбөйпөстөн тескерисинче азайтат”,-деди.

Эске сала кетсек, 14-апрелге карага түнү АКШнын президенти Сирияга сокку урууга буйрук берген. Ага Улуу Британия жана Франция колдоо көрсөткөн. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда аскердик жана жарандык инфраструктуралар бутага алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!