Дамаск: Катаал жана ырайымсыз кол салуу

14-Апр. 2018, Ишемби, 16:32

Сирия өкмөтү батыш күчтөрүнүн аскердик базаларына кол салууну “катаал жана ырайымсыз кол салуу” катары сыпаттады. Ошондой эле эл аралык укукту бузганын баса белгиледи.

“Sputnik” сайтындагы маалыматта Сириянын Тышкы иштер министрлиги кол салууну Химиялык куралдардын тыю салуу уюмунун Дума аймагына химиялык курал колдонуп колдонбогонун аныктоого тоскоолдук кылуу үчүн ишке ашырганын билдирди.

“110 ракета атылды, көбү тосулду”

Министрлик АКШ, Англия жана Франция 110 ракета аттканын, көбү абада жок болгонун белгиледи. Хомста кол салууда 3 жаран жаралганын билдирген министрлик Дамасктагы курмандыктарды белгилеген эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!