Динозаврлардын изи табылды

22-Март 2017, Шаршемби

Окумуштуулар Кытайдын түштүк батыш бөлүгүнөн 145 млн жыл мурунку динозаврлардын изин табышты. Бул издер илгерки заманда өмүр сүргөн алп жандыктар тууралуу маалымат алууга жардам берет. Динозаврлардын изи Кытайдын түштүк батышында Гуйчжолу провинциясынан табылган. Изилдөөчүлөр эзелки замандагы жандыктардын изин Бицзе округундагы жар таштардан табышкан.

Юра аймагында жаныбарлардын ташка түшкөн таман изи былтыр күздө табылган эле, бирок аларга жасалган изилдөөлөр эки айга созулган. Издердин узундугу 40 сантиметр. Аны окумуштуулар бийиктиги 6 метрден ашкан динозаврдын изи деп божомол келтиришти. Ошондой эле бул издер төрт аяктуу өсүмдүк менен жан баккан зауроподдордун изи болушу мүмкүн деген да ойлор айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!