4 миң жыл мурда жок болгон мамонт тирилгени калды

17-Апр. 2018, Шейшемби, 16:07

Дүйнөдөгү эң чоң жаныбар, 4 миң жыл мурда жок болгон мамонттордун глобалдык ысыкка тоскоолдук жаратуу максатында кайра жаратылганы жатканы талкууланууда. Бирок бул мүмкүнбү?

Гарвард университети тарабынан ишке ашырылганы жаткан генетикалык долбоордун негизинде 4 миң жыл мурда жер жүзүнөн жок болгон жүндүү мамонтторду кайрадан жаратканы жатышат.

Илимпоздордун билдиргенине караганда клондолгон “Муз доорунун” жаныбарлары өсүмдүктөр дүйнөсүн жакшыртып, Түндүк уюл климатынын жөнгө салынуусуна, глобалдык ысыкты токтотууга салым кошо.

Окумуштуулар бул долбоор үчүн Сибирде 42 миң жылдан бери сакталып турган жүндүү мамонттун ДНКсын колдонушат.

Иликтөөчү топтун жетекчиси Жордж Чёрч тажрыйба ийгиликтүү аяктаса мамонттор жашай ала турган уюлдук аймактарда өсүмдүктөр өсүүсүнө жол ачылары, климаттын өзгөрүүсүнө маанилүү ролу болорун белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!