Абада жарылган учакты аял учкуч аман кондурду

19-Апр. 2018, Бейшемби, 12:34

АКШда Нью-Йорк-Даллас каттамындагы “Southwest” аба жолдорунун учагынын мотору

9 миң метр бийиктикте бара жатканда жарылган. Кыймылдаткычтын саркындысынан учактын терезеси сынса, ал жакта отурган аял аба басымынан сыртка ыргыган. 149 жүргүнчү алып бара жаткан учактын пилоту айым Тамми Джо Шульц аба кемесин кырсыкка учуратпастан кондурду.

Жарылуудан кийин учак көзөмөлдөн чыгып 9 миң 144 метрден 3 миң 962 метрге төмөндөгөн.

Диспетчердик жазууларда Шульцтун коркууга алдырбаган “борт тешилип, бир адам жаракат алды. Бизди медициналык жардам кызматы тосуп алабы” деген үнү жазылган.

Учакты тездик менен кондурган учкучту өлкө медиасы “баатыр” деп жазды.

Абанын агымынан улам сыртка ыргыган эки баланы энеси Женифер Риордан көз жумду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!