Тажикстандын армиясы күчтүүлөрдүн катарында

19-Апр. 2018, Бейшемби, 13:14

“Military Strength Ranking” рейтингинде Тажикстандын армиясы 96-орунга жазылган. Өткөн жылы бул мамлекет 112-орунда болчу.

Тажикстан армиясында 37 танк, 46 БТР, 10 артиллерия, 3 ракеталык түзүм, 20 тик учак бар.

Рейтинге бардыгы болуп 136 өлкө киргизилген. Армияларга 50 фактордун негизинде орун берилген. Анда армияны курамы, суудан, кургактан жана абадан аскердик аракеттердин саны эске алынган.

Лидерлер болуп АКШ, Россия жана Кытай жазылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!