30 жашка чейинки эркектер чет өлкөгө чыкпайт

23-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 15:16

Ашхабаддын аэропортунда 30 жашка чейинки эркектерге эл аралык каттамдарга чыгууга тыю салынып жатканын “Хроника Туркменистана” басылмасы жазды. Андай жүргүнчүлөргө билет баасы кайтарылууда.

Буга чейин аскердик кызмат өтөй электерге сырт жакка чыгууга уруксат берилген эмес. Эми мекенине милдетин өтөгөндөргө да тыю салынды.

Түркмөнстандын миграция кызматына 30 жашка чейинки эркектерди эл аралык каттамдарга өткөрбөө тапшырылган.
Басылмаларда жазылгандай өлкөдөгү экономикалык кризистен улам акча табуу максатында сыртка кеткендер көбөйгөн. Ошону менен Түркмөнстандан биротоло көчүп кетүүнү каалагандар бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!