Путиндин калеми кымбатка сатылды

24-Апр. 2018, Шейшемби, 11:02

Россиянын президенти Владимир Путин колдонгон калем сап Францияда “Drouot” акцион үйүндө 63 миң еврого сатылды. “Parker” үлгүсүндөгү калем күмүш жана Swarovski таштары менен кооздолгон.

Бул белгилүү саясатчыга таандык сейрек буюм экендигин белгилеген франциялык адистер Путиндин калемин аукциондо ким алганын айткан жок.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп 2005-жылы тарткан сүрөт аукциондо 29 миң 184 долларга сатылган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!