ЕБдеги карызы көп өлкө белгилүү болду

26-Апр. 2018, Бейшемби, 13:05

Европа статистикалык кеңсесинин (Eurostat) маалыматына ылайык Европа биримдигиндеги карызы көп өлкө Греция.

“Eurostat” ЕБдин курамындагы мамлекеттердин карыздарынын өлчөмүн аныктады. Рапортко ылайык, карызы Ички дүң өндүрүмүн 178.6 пайызына туура келген Греция тизменин башына жазылды.


“Sputnik” агенттигиндеги кабарларга караганда Грециядан кийин 131.8 пайыз менен Италия, 125.7 пайыз Португалия турат.

Ал эми ЕБдеги карызы аз өлкө же ИДӨсүнүн 9 пайызына туура келген Эстония болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!