Кытайда жашаганга жараша упай алат

28-Апр. 2018, Ишемби, 15:22

Кытай жарандар топтогон упайга карата кызматка алган системага өтүүгө даярданууда. Буга ылайык жеткиликтүү упайы болбогон жарандар учактарга да билет ала алышпайт.

Кытай 2020-жылдан баштап социалдык упай берүү системасына өтүүнү пландоодо. Буга ылайык бардык жарандар жыйнаган упайларына жараша жашайт. Баллы төмөн болгондор айрым кызматтардан пайдалана албайт.

Жарандар акырындык менен байкоого алынат

Жарандарын байкоо үчүн Кытай жүз таануу, жасалма интеллект, акылдуу көз айнек жана башка технологияларды колдонот.

Упайы төмөндөргө билет жок

Эрежеге ылайык жарандарга упай берилет. Төмөнкү көрсөткүчтү алгандарга түрдүү жазалар каралган. 1.4 миллиард киши жашаган өлкөдө өкмөт төмөн упай алгандарга учакка билет алууга, кыймылсз мүлктүн ээси болууга, жогорку тездиктеги Интернетти колдонууга тыю сала алат.

Калк нааразы

Калк бул эрежелерди Коммунистик партияга жакын болбогондорду жазалоо катары кабылдоодо.

Полициялар акылдуу көз айнектерди тагынышты

Кытайдагы миллиондогон байкоочу камералар жолдо көзөмөлсүз жүргөн бирөөнү көрсө ал адамдын жүзүн карап ким экендигин аныктай алат. Өкмөт кааласа бул кишинин жүрүшүн коомдук тармактагы экрандарга чагылдыра алат.

Пекинде полициялар “Google Glass” түзүмү жана акылдуу көз айнектер менен жүрүшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!