104 жаштагы илимпоз: “Ушул жашка чыкканыма капамын”

2-Май 2018, Шаршемби, 11:33

Австралиядагы 104 жаштагы илимпоз Дэвид Гудолл бул айда Швейцариянын Басел шаарында эвтаназия алууга уруксат алды. Окумушуу бул ыкманын жардамы аркылуу жашоо менен коштошот. Аны кыйнаган деле дарты жок, болгону жашоо стандарттары начарлаганга нааразы. Андан улам Швейцариянын Басел шаарында эвтаназия алууну чечти.

“The Telegraph” гезитинин кабарына ылайык эвтаназия адамдын жашоосу чыдагыс абалга келгенде өзү же жакындарынын каалоосу же медицинанын жардамы менен кыйналбай көз жумууга жардам берген ыкма болуп саналат.

“Бактысызмын, өлгүм келет”

Гудолл “Ушунча жашаганыма абдан капамын. Бактылуу эмесмин. Өлгүм келет. Буга капаланбайм. Менин оюмча мен сыяктуу улгайгандар эвтаназия алуу укугуна ээ болушу керек”,-деген.

Окумуштууга бул процедурага жардам берген “Exit International” аттуу уюм Интернет сайтына жазган билдирүүсүндө “Австралиянын эң улгайган жана алдыңкы жараны сыймыктуу түрдө өз каалоосу менен дүйнөдөн кеткиси келип жатат. Бул үчүн дүйнөнүн башка бурчуна саякатка барганы адилетсиз”,-деп жазган.

“Тынч жана сыймыктуу өлүмдү каалаганга ар бир адамдын укугу бар. Ар бир адам буга жетүү үчүн үйүнөн алыстоого аргасыз болбошу керек”,-деген.

Эвтаназия процедурасы Швейцарияда мыйзамдуу болгону менен бир топ мамлекетте ага тыю салынган. Өткөн жылы биринчи жолу Австралиянын Виктория штатында бул ыкма боюнча мыйзам кабыл алынган. Бирок документ 2019-жылдын июнь айында күчүнө кирет. Бул да акылынан айныгандарга жана өмүрү алты айдан аз калгандарга жарактуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!