Нетаньяху Ирандын өзөктүк программасын айтты

2-Май 2018, Шаршемби, 15:05

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Россиянын президенти Владимир Путинге чалып Ирандын жашыруун өзөктүк курал программасына байланыштуу далил бар экенин айткан.

Израилдин премьер-министрлигинин расмий “Twitter” баракчасындагы билдирүүдө “Бүгүн кечте премьер-министр Биньямин Нетаньяху Ирандын өзөктүк курал программасына байланыштуу документтерди жарыялангандан кийин Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү”,-деп жазылган.

Путин жана Нетаньяхунун ортосунда телефондук сүйлөшүүлөр болгонун Кремль тастыктады.

Маалымат жыйынын өткөргөн Израилдин пемьер-министри Биньямин Нетаньяху Ирандын өзөктүк макулдашууга карабастан жашыруун өзөктүк курал программасы болгонун, буга далилдер бар экенин айткан.

“Иран бийлиги буга чейин эч кандай өзөктүк курал өнүктүрбөгөнүн билдирген. Ал эми табылан жарым тонна документти мурдагы өзөктүк программага байланыштырган”,-деди.

Зариф: Жалганчы чабан иш башында

Ирандын Тышкы иштер министри Мохаммад-Жавад Зариф Ирандын өзөктүк курал боюнча программасы тууралуу айткан Нетаньяхуну “Тегеранга карата мурдагы айыптарды кайталаган жалганчы чабанга” окшотту.

“Twitter” тармагынан билдирүү жасаган Зариф “Жалганчы чабан кайрадан иш башында. Эми бираз гана бөлүктү ишендире аласың”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!