Дүйнөдө 1-май кандай белгиленди?

2-Май 2018, Шаршемби, 16:50

1-май Эмгекчилердин күнү дүйнөнүн төрт тарабында жүрүш жана башка иш-чаралар менен коштолду.

Жумушчулар, профсоюздар жана башка эмгекчи топтор жакшы шарттарга, күчтүү профсоюз уюмдарына карата талаптарын билдиришти.

Бангладештин борбору Дакка шаарында мойнуна чынжырларды илген адамды жүрүштөн көрүүгө болот. Ал айлык акылардын көбөйтүүнү, иште коопсуздук менен камсыздоону талап кылып жаткандай.

Иракта Коммунисттик партиялар Багдадга чогулушту. Алар символдору болгон орок балканы, желектерин көтөрүп алышкан.


Франциянын Канны шаарында ашыкча оңчул лидер Марин Ле Пен партиясы менен Жанна Д’Арктын эстелигине зыярат кылууну салтка айландырган.

Ал эми борбору Парижде айрым беткапчан демонстранттар менен коопсуздук кызматкерлеринин арасында кагылышуу болду. Полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Германияда ашыкча оңчул “AfD” партиясынын жүрүшүнө айрым козголоңчулар кыршылык көрсөтүштү.

Камбоджада башкы талаптардын бири аялдардын иштөө укуктарына байланыштуу болду.


Россиянын борбору Москва шаарында майрамда моряктын формасын кийген жигиттин бийлеп жатканын көрүүгө болот.

Ошондой эле саясий кыймылдар аянттарда жүрүш жасады.

Гаванада дүйнөдөн кайткан экс-премьер-министр Фидель Кастронун сүрөтүн көтөргөндөр жүрүшкө катышты.

Индияда Батыш Бенгал штатынын борбору Калькутадагы бул сүт саткан адам 1-май майрамы менен иши жоктой. Ал өз иши менен алек.

Гонконгдо индонезиялык мигранттар башка мамлекеттердегидей алар үчүн эс алуу убактыларын бөлүүнү талап кылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!