Кумдуу бороон: 77 адам көз жумду

3-Май 2018, Бейшемби, 16:03

“Reuters” кабар агенттиги Индиянын түндүгүндө болгон кумдуу бороондон 77 адам көз жумганын, 143 жаран жарадар болгонун жазды.

Уттар Парадеш жана Ражастан штаттарында жаратылыш кырсыгынан көз жумгандардын саны көбөйөрү болжолдонууда.

Тарыхый Таж-Махал жайгашкан Агра аймагында 36 адам көз жумду. Эстелик эч кандай зыянга учураган жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!