Автобустун айдоочулары жол киреден баш тартты

3-Май 2018, Бейшемби, 16:40

Япониянын Окаяма шаарында автобустун айдоочулары кызыктай иш таштоо кылды. Алар адаттагыдай айлык акыны жогорулатууну же иштөө шарттарын жакшыртууну талап кылган жок. Болгону атаандаш транспот ишкана менен бирдей багытта жүрүүнү каалаган.

Иш таштоого чыккан айдоочулар каттамдарды үзгүлтүккө учуратуунун ордуна жүргүнчүлөрдөн акча алуудан баш тартышкан. Жол кирени кабыл алуучу электрондук түзүмдөрдү ак кездемеге орошкон.

Мындай кылыктар коомчулукта кеңири сөз болуп жатат. Айрым шаардыктар айдоочулар өздөрү чыгымга учураганын кеп кылышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!