АКШда асмандан доллар жаады

4-Май 2018, Жума, 14:20

АКШнын Индиана штатындагы Индианаполис шаарында инкассатор автоунаадан акча салынган мүшөк ыргыган. Укук коргоо кызматы окуя I-70 магистралында болгонун билдирген.

Социалдык тармактардагы видеодо машинанын эшиги кантип ачылганын, акча салынган мүшөк кандайча түшкөнүн көрүүгө болот.

Ошондой эле мүшөк айрылып, миңдеген долларлар жолго учкан. Ыргыган акчалар өтүп бара жаткан айдоочуларды кызыктырган. Алар жолдун ортолоруна унааларын токтотуп, чачылган купюраларды жыйноого киришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!