Калктын үчтөн бир бөлүгү жыгач отун пайдаланат

24-Март 2017, Жума

Дүйнө калкынын 2,4 миллиарддан ашыгы жыгач тамак-аш даярдоого керек деп эсептейт. Көптөгөн чакан ишканалар жыгач отун жана андан алынган көмүрдү азыктарды даярдоодо, чайларды иштеп чыгууга жана кирпич чыгарууга пайдаланат. Мындай пикир Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) баяндамасында жазылган.

Авторлор натыйжасыз технологияны пайдалануу аркылуу отундан көмүр өндүрүү парник газынын көп бөлүнүүнүсүнө алып келеринен тынчсызданышкан.

“Глобалдык антропогендик таштандылардын жети пайызын жыгач отундан пайда болгон парник газы түзөт”,-деп жазылат докладда.

ФАОнун башкы директору Жозе Грациан да Силва дүйнөдө эки миллиард эл үйүн жылытууда, тамак даярдоодо жыгач отунду пайдаланарын белгилеген.

“Бул көрсөткүчтөр жеткиликтүү энергиянын булагы жыгач отун болгон аз өнүккөн өлкөлөргө таандык”,-деген ал баяндамада. Ошондой эле жетекчи бул аракеттер үнөмдүү жүргүзүлбөгөндүктөн көптөгөн токойлордун, жер кыртышын жабыркоосуна, абага парник газынын көп бөлүнүүсүнө себеп болуп жатканын кошумчалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!