Инсайт түзүмү Марстагы жер титирөөлөрдү изилдейт

5-Май 2018, Ишемби, 16:12

Американын Улуттук аэронавтика башкармалыгы (NASA) учура турган жаңы учкучсуз түзүм же “Инсайт” Марс планетасындагы жер титирөөлөрдү изилдейт.

2012-жылдан бери даярдалып жаткан түзүм Жер жана Марс планеталары кандай жаралганынын аныктоого аракет кылат.

Ал Калифорниядагы “Vandenberg” аба базасынан бүгүн, 5-майда жергиликтүү саат 07.05”те учурулаары күтүлүүдө. Эгерде бары пландагыдай болсо 26-ноябрда Кызыл планетага конот.

Жер менен Марс болжол менен 4,5 миллиард жыл мурда окшош процесстерден улам пайда болгону болжолдонуп келет. NASA кураган сейсмикалык, геодезиялык изилдөөлөрдү жүргүзө турган Инсайт космос түзүмү алардын айырмалуу жактарын аныктары күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!