Кытайда 118 баланын энеси камалды

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 11:52

Кытайдын тургуну, 118 баланы асырап алганы менен белгилүү Ли Лицзюнь кылмышкер болушу ыктымал. Бул тууралуу Хэбэй провинциясынын Уань шаарынын полициясы кабарлаган. Анын жеке бала бакчасы жабылганын “The Global Times” гезити жазды.

Биринчи баланы ал 1996-жылы багып алса, андан бери миллиондогон юань жумшаган. Укук коргоо органдары ал жетим балдарга жардам берип жатканын айтып, жергиликтүү бюджеттен, жеке ишкерлерден ири суммадагы акча каражатын өндүрүп жүргөнүнөн шектенүүдө. Ошондой эле алган акчасын өзүнө жумшаганын болжолдошууда.

Аткаминерлер балдар бакчасындагы айрым балдардын ата-энеси бар экенин, жашы жете электерди уурдаган болушу мүмкүн экенинен шектенишүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!