Владимир Путиндин төртүнчү инаугурациясы өтөт

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 12:29

Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 7-майда ант берет. Өлкө лидери бүгүнкү инаугурация салтанаты менен бийликтеги алты жылын бекемдейт. Ал эми жаңы милдети 2024-жылдын май айында аяктайт.

Путин премьер-министр жана мамлекет башчысы катары Россияда 18 жылдан бери бийликте. Оппозициялар Путиндин доорун падышалык жана императорлук мезгилине окшотуп жүрөт.

Бул инаугурация Владимир Путин үчүн төртүнчү. Бийликке калган жагынан ал рекордчулардын катарын толуктаары күтүлүүдө.

Кремлде беш миңдей конок күтүлүүдө. Ал эми маалымат каражаттары иш-чара жөнөкөй өтөөрүн жазып жатышат.

Кызматка киришүү аземи эл аралык дипломатиялык келишпестиктер, өлкөдөгү түрдүү оппозициялык кыймылдардын нааразылык акциялар болуп жаткан учурга туш келди. Бирок мындай көрүнүштөр масштабы жагынан алты жыл мурункуга караганда аз сыяктанат.

Россияда март айында өткөн президенттик шайлоодо Владимир Путин биринчи айлампада шайлоочулардын 77 пайызынын колдоосу менен жеңишке жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!