Украинада миллионерлердин эң кичүүсү 7 жашта

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 17:26

Аталган өлкөдө миллионерлердин саны 2017-жылы 2016-жылга салыштырмалуу 16 пайызга көбөйгөн. Башкача айтканда 4 063 адам болгон.

Бул туурасында өлкөнүн мамлекеттик фискалдык кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Мирослав Продан билдирген.

Ал көпчүлүк миллионерлер 45 жаштан жогору экенин (2270 адам) билдирди. Ошондой эле салык төлөгөн эң жаш миллионер жети жашта, эң улуусу 99 жашта экенин кошумчалаган.

Мирослав Продандын айтымында Украинада миллионердин жылдык кирешеси 8,2 миллион гривен же 311 миң доллар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!