Комада жаткан бала аппараты өчүрөөрдө ойгонду

8-Май 2018, Шейшемби, 13:06

АКШнын Алабама штатында комада жаткан 13 жаштагы баланын ата-энеси органдарын башка бирөөгө берүүгө макул болгондо эсине келген. Ал документке кол койгондон кийин, дарыгерлер дем алдыруучу аппаратты өчүрөөрдө ойгонгон.

Трентон Маккинли март айында сүйрөп жүргөн коляскасы көмкөрүлүп, башынан жаракат алган.

Дарыгерлер ата-энесине баласы жашап кетиши мүмкүн эместигин билдиришкен. Ошондой эле беш балага органдарын берүү менен жардам көрсөтө аларын айтышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!