Окуучу кыз 113 окуу жайга өттү

8-Май 2018, Шейшемби, 14:31

17 жаштагы Жасмин Харрисон АКШнын окуу жайларына тапшыруу 90 доллар экенине карабастан 115 университетке документ тапшырган.

Окуучу кыз АКШда Түндүк Каролинадагы мектепти жогорку балл менен аяктап жатат.

Келечегинен тынчсызданган таланттуу өспүрүм жергиликтүү мугалимдерге кайрылган. Алар бекер документ тапшыруу жагын кеңеш кылган. Андан улам Жасмин аз да болсо акчасын үнөмдөй алган.

“Түнкү учурларда окуу жай үчүн документтердин толтуруп жатканда апам экөбүз чарчаганыбыздан ырдаган учурлар болду”,-деген Жасмин Харрисон
Жооптор бири-бирине удаа келип жатканда кыз апасы экөө алар сунуштаган стипендияларды салыштырышкан.

Жыйынтыгында 113 окуу жайы Жасминди студенти болууга чакырган. Ал эми стипендиянын жалпы суммасы 4,5 миллион доллар болгон.
Тандоо кыйынга турган. Окуучу кыз акыры өзүн медицинага арноону чечип, “Беннет” колледжин тандады. Жасмин жаңы төрөлгөндөрдүн интенсивдүү терапиясында мед айым болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!