Сауд Аравияга 11-сентябрь боюнча кайрадан доо ачылды

25-Март 2017, Ишемби

Америкада 11-сентябрдагы кол салууда курман болгондордун жакындары, өлкөнүн камсыздандыруу компаниялары Сауд Аравия жана айрым саудиялык фонддорду сотко берди. Алар аталган мамлекетти “Аль-Каида” террордук уюмуна каржылык колдоо көрсөттү деген негизде айыптап келишет. Ал эми Сауд Аравия айтылгандарды четке кагууда.

Экс-президент Барак Обаманын ветосуна карабастан АКШ Конгресси өткөн жылы Сауд Аравияны 11-сентябрдагы кол салууларга жоопкерчиликтүү деп эсептеген мыйзам кабыл алган.
Буга чейин доо койгону менен жыйынтык чыгара албаган америкалык камсыздандыруу ишканалары бул чечимден кийин кайрадан аракет кыла баштаган.

Доонун каржылык жана саясий жактары
Адистер бул доолордун АКШнын каржылык рыногуна жана Нью-Йорк фондулук биржасына зыяны тийерин белгилешүүдө. Алар Сауд Аравиянын дүйнөдөгү эң ири “Aramco” мунай ишканасы Нью-Йорктон Лондон, Гон-Конг жана Токио биржаларына багыт аларңын болжолдошон. Ошону менен бирге АКШнын Ортоңу Чыгыштагы узак жылдардан берки союздашы Сауд Арабияга карата ачылган доолор эки өлкөнүн мамилесине терс таасир этерин билдиришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!