Путин жана Меркель өзөктүк кризисти талкуулады

Путин жана Меркель өзөктүк кризисти талкуулады
12-Май 2018, Ишемби, 12:57

Россиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Ангела Меркель телефондо Иранга байланышкан өзөктүк кризисти сүйлөштү.

Эки лидер АКШнын президенти Дональд Трамптын Иран менен АКШнын ортосунда түзүлгөн өзөктүк макулдашуудан баш тартуу чечиминен кийинки абалды талкууга алды. Сүйлөшүүдө аймактык жана эл аралык коопсуздук үчүн макулдашуу уланышы керектиги баса белгиленди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!