Өзбекстандык ардагерлер адашып кетти

Өзбекстандык ардагерлер адашып кетти
12-Май 2018, Ишемби, 15:35

Өзбекстандын жети ардагери Москвада Жеңиш парадынан кийин эс алууга Кисловодск шаарына санаторийге барышмак. Бирок жаңылыштык менен Сочиге кетип калышкан.

Курорттук шаардын бийлиги ал жакта түнөй турган жай жана экскурсия уюштуруп беришкен. Андан ары Кисловодск шаарына жөнөтүшкөн.

“Мен Сочиде көп болуп, санаторияларында дарыланып жүрчүмүн. Азыр шаар абдан өзгөрүптүр. Согуш ардагерлеринин атынан меймандостугу үчүн жетекчиликке ыраазычылыгымды билдирем”,-деген ардагерлердин бири Беккула Хамзаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!