Премьер-министр баш калкалаганга өлкө издеп жатат

Премьер-министр баш калкалаганга өлкө издеп жатат
14-Май 2018, Дүйшөмбү, 13:58

Малайзияда 9-апрелде өткөн шайлоодо бийликти алдырып жиберген экс-премьер-министр Нежип Резакга паракорчулук айыптардын негизинде өлкөдөн сырткары кетүүгө тыюу салынды. Өлкөнүн Миграция министри Резак жана анын жубайы Рүсма Мансурга башка мамлекетке чыгарылбайт деп чечим кабыл алды.

Билдирүүдө чаранын себеби белгиленген эмес. Антсе да Резакка Малайзия улуттук өнүгүү фондуна байланыштуу паракорчулук жана акчаны адалдоо айыптарынын негизинде сурак башталарынан кабар берет.

Экс-премьер-министр шайлоодон жеңилгенден кийин кыска мөөнөткө эс алууга кетерин айткан эле.

“Сөзжү” гезити: Үйүнөн доллар, алтын жана алмаз чыкты

“Сөзжү” гезити өлкөнүн экс-премьер-министри Нежип Резактын үйүнө паракорчулукка байланыштуу тинтүү жүргөнүн жазды. Анда куту жана сумкаларга толтурулган миллиондогон долларлар менен бирге, алтын жана алмаз сыяктуу баалуу таштар табылганын белгиледи.


Түрк мугалимдерди өткөрүп турган адам

Качууга мамлекет издеп жаткан Резак Эрдоган бийлиги менен кызматташып, өлкөдө билим берүү ишмердигин жүргүзгөн түрк мугалимдерин мыйзамсыз жол менен Анкарага өткөрүп берип турган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!