Эверести эки буту жок адам багындырды

Эверести эки буту жок адам багындырды
14-Май 2018, Дүйшөмбү, 16:27

Улгайган альпинистке эки бутунун жоктугу дүйнөдөгү бийик чокуну багындыруу тоскоол болгон жок.

Непалдын маданият, туризм жана жарандык авиация министрлиги 70 жаштагы эки буту ампутицияланган кытайлык альпинист Ся Боюй Эверестти алгачкы багындыруучулардан болгонун билдирди.

“Кытайлык альпинист бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча 8:40та келди”,-деп кабарлады “Сихьхуа” агенттиги.

Бул Ся Боюйдун Эверестке чыгууга болгон бешинчи аракети. Алардын биринде буттарын үшүккө алдырган.

Буга чейинки майыптардын рекорду 2006-жылы чокуга чыккан жаңы зеландиялык Марк Инглиске таандык. Ал Эверестке Тибет жагы менен келген.

Буга чейин Непал бийлиги майыптарды 6,5 миң метрге чыгуусуна тыюу салган. Кийин сот мындай чектөөнү жойгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!