Газзада чыңалуу. Нааразылыктар башталды

Газзада чыңалуу. Нааразылыктар башталды
14-Май 2018, Дүйшөмбү, 17:03

АКШ Израилдеги элчилигин Тель Авивден Иерусалимге көчүрүүдө. Палестиналыктар Газзанын Израиль менен чектешкен аймагына чатырларын тиккен. Алар бүгүн АКШнын элчилигинин Иерусалимге көчүрүлүшүнө, эртең Израилдин түзүлүшү менен арабдарды жерлеринен кубаланышына нааразылыктарын билдиришет.

Газзада башталган нааразычылыктарга Израиль аскерлеринин кийлигишүүсүнөн 7 палестиналык көз жумса, 93 киши жараланды. Израиль армиясы Газзага абадан кагаздарды тараткан. Анда “Чек арадан узак болгула”,-деген эскертүү сөздөрү жазылган.

Палестиналыктар чек арага чогулуп, көзгө атарларга тосколдук кылуу үчүн дөңгөлөктөрдү жага башташты.

Эми эки күн нааразылыктар уланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!