Англиялык депутаттан каршы пикир

Англиялык депутаттан каршы пикир
15-Май 2018, Шейшемби, 11:54

Президент Режеп Тайип Эрдогандын Лондонго болгон иш-сапары, Англиянын премьер-министри Тереза Мэй менен кол коюлган согуштук учактар боюнча макулдашуулар оппозициядагы депутаттардын каршылыгын жаратты.

Жумушчу партиясынын депутаты Девид Лемми “Тwitter” баракчасына “Эрдоган журналисттерди камаган, заалим жана кысым көрсөткөн диктатор”,-деген билдирү жазган. Жашылдар партиясынын тең төрагасы жана депутат Каролина Лукас Түркия менен Англиянын ортосундагы макулдашууну сынга алды.

Жумушчу париясынан депутат Лемми “Өкмөтүбүздүн бул аптада президент Эрдоганга кызыл килем жайганы, ага курал сатууга аракет кылганы жүрөгүмдү айлантып жатат”,-деген.

Бириккен королдуктун Европа биримдигенен бөлүнүүсү кабыл алынган референдумду эске салган Лемми “2016-жылы Түркиянын ЕБге кирүү ыктымалдыгы жаман экенин, бул эч убакта ишке ашпай тургандыгын айтышкан. Эки жылдан кийин ошолор адам укуктарын бузган Эрдогандын алдында жалтактап, көп курал сатууга аракеттенүүдө”,-деп кошумчалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!