Махмуд Аббас: “Бул элчилик эмес, бул конуш”

Махмуд Аббас: “Бул элчилик эмес, бул конуш”
15-Май 2018, Шейшемби, 14:19

Палестинанын лидери Махмуд Аббас Газа тилкесиндеги чек арада кагылышууларда курман болгондорду эскерип, үч күндүк аза күтүү күнүн жарыялады. Ал Американын элчилигин Иерусалимге көчүрүү, анын ачылышы тынчтыкты жөнгө салбай тургандыгын айтты.

“Бул эч кандай көч эмес. Бул конуш. Бул АКШнын форпосту. Бизде Израиль конуштары бар. Бул кадамдары менен америкалыктар аларды колдоодо. Өздөрү да Чыгыш Иерусалимде форпост болду”,- деп баса белгиледи ал.

Хамас кыймылынын жетекчилеринин бири Халиль Аль-Хайа “сионистик агрессия” өсөрүн, буга эч ким карап тура албастыгын айтты.

Эл аралык коомчулуктун реакциясы

Кувейт БУУнун Коопсуздук кеңешинде зомбулук окуялар көз карандысыз комиссия тарабынан иликтениши керектигин жазды.

Европа биримдигинин Тышкы саясат боюнча өкүлү Федерика Могерини жана Англия сабырдуулукка чакырды.

Германия Израилдин коргонууга акысы бар экенин, бирок ал чеги менен болушу керектигин билдирди.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израиль армиясы манифестанттарга карата зомбулук кылып жатканын айтып, аны айыптады.

Эң катаал айыптоо БУУнун адам укуктары боюнча Зейд Раад аль-Хусейнден келди. Ал Израиль ок атуу менен ондогон адамдарды өлтүрүп, жүздөгөн адамдарды жаралап жатканын айтты.

Түштүк Африка Израилдеги элчилигин чакырып алды.

БУУдагы Палестинанын элчиси Коопсуздук кеңешинен кезексиз жыйын өткөрүүнү талап кылды. Ошондой эле эл аралык коомчулукту кийлигишүүгө чакырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!