Аэробустай астероид Жерге жакын өттү

Аэробустай астероид Жерге жакын өттү
16-Май 2018, Шаршемби, 11:29

“2010 WC9” астероиди Жерге зыянын тийгизбей жакын өткөнүн Кембридждеги Смитсонов астрофизикалык обсерваториясы билдирген.

Көлөмү аэробустукундай асман телосу Жер менен Айдын ортосунан Москва убактысы боюнча 01:05те өткөн. Жерге 203,4 миң чакырым аралыкта өткөн астероиддин диаметри 36дан 119 метр. Секундасына 13 чакырым аралыкты багындырат.

Бул астероид 2010-жылдын 30-ноябрында табылган. Астрономдор аны 10 күн байкоого алышкан. Андан соң көрүнбөй калган. Ушул жылдын сегизинчи майында “2010 WC9” кайрадан байкалган.

NASAнын изилдөөсүнө караганда “2010 WC9” 300 жыл аралыгында Жерге анча жакындабайт. Мынчалык көлөмдөгү асман телосу Жер менен Айдын ортосунан сейрек өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!