Араб өлкөлөрү Иерусалимди талкуулайт

Араб өлкөлөрү Иерусалимди талкуулайт
17-Май 2018, Бейшемби, 10:02

Араб өлкөлөрү лигасынын (ЛАГ) Тышкы иштер министрлери бүгүн, 17-майда Каирдеги штаб-квартирасында жыйынга чогулат. Анда Иерусалимдин айланасында болуп жаткан окуялар, Палестинанын аймактарындагы массалык акциялардан кийинки абал талкууланат.

Жолугушуу ЛАГга төрагалык кылып жүргөн Сауд Аравиянын демилгеси менен өткөрүлгөнү турат.

Шаршемби, 16-майда Египеттин борборунда ЛАГдын туруктуу өкүлдөрү чакан жыйынга чогулган. Анда резолюция долбоору кабыл алынган. Аны министрлер бекиткени турат.

Араб дипломаттары резолюция долбоорунун мазмунун жарыялай элек. Анда АКШнын Иерусалимди Израилдин борбору кылуу аракети, ага элчилигин көчүргөнү тууралуу позициялары жазылганы болжолдонууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!