Айыпсыз жигит 18 жылдан кийин абактан чыкты

Айыпсыз жигит 18 жылдан кийин абактан чыкты
17-Май 2018, Бейшемби, 10:55

Тергөөдөгү катадан, так чыкпаган экспертизанын жыйынтыгынан улам жаштыгы абакта өттү.

Польшанын Жогорку Соту 15 жаштагы кызды зордуктаганы, өлтүргөнү тууралуу айыптын негизинде соттолгон Томаш Коменд аттуу жергиликтүү тургунду күнөөсүз деп тапты. Ал адамдын абакта жатканына 18 жыл болгон.

Польшанын чакан шаарында жаш кыз зордукталып, суукка ташталган. Ага 23 жаштагы Коменд аттуу жигит айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылган.

Бул иште жакында эле жаңы жагдай байкалып, жигиттин күнөөсүз экени анык болду. Сот өкүмүн угузганда Коменд бетин басып ыйлап жиберди.

Эми ал абакта өткөргөн жылдары үчүн компенсация талап кыла алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!