Трамп баракчасына Мирзиёев менен жолуккан видеону койду

Трамп баракчасына Мирзиёев менен жолуккан видеону койду
17-Май 2018, Бейшемби, 14:26

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн “Twitter” тармагындагы баракчасына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушкандагы видеону жарыялады.

Анда конокту тосуп жатып ал Өзбекстан АКШ үчүн маанилүү мамлекет жана стратегиялык өнөктөш экенин айтканын көрүүгө болот. Ошондой эле ал республиканын аймактагы аброю көтөрүлүп жатканын кошумчалаган.

“Сиз менен Ак үйдө жолугуу мен үчүн сыймык”,-деп айткан АКШнын президенти.

Ал эми Шавкат Мирзиёев чакырганы үчүн ыраазычылыгын айтып “Президенттик шайлоодон кийин Өзбекстан-АКШ мамилеси жаңы деңээлге жетти”,-деген Мирзиёев.


Өзбек делегациясынын АКШга үч күндүк иш сапарында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландалган. Ошондой эле өзбек лидери Пентагондо болуп, сенатор жана конгрессмендер менен пикир алышуусу күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!