Толугу менен сууда жайгашкан мамлекет пайда болот

Толугу менен сууда жайгашкан мамлекет пайда болот
19-Май 2018, Ишемби, 13:21

Уникалдуу социалдык долбоорду дүйнөдөгү ийгиликтүү инвестор каржылайт.

Америкалык инвестор жана ишкер, “Pay Pal” төлөм кызматын негиздөөчүсү Питер Тиль толугу менен сууда жайгашкан мамлекетти курууга 50 миллион доллар жумшайт.

Ишкер белгилүү окумуштуу жана архитекторлор менен кызматташтыкта, Полинезия өкмөтүнүн колдоосунда жашоочулары 300 ири объектиге бата турган чакан мамлекет курганы турат.

Долбоорго катыша турган Уорвик университетинин илимпоздору жасалма арал өлкөнүн көз карандысыз, санариптик “Vayron” аттуу валютасы болорун айтты.

Долбоорго заманбап, жогорку сапаттагы, мыкты каражаттар жана энергия менен камсыз кылуучу технологиялар, күн панелдери, сыйымдуулугу жогору электр энергиясын сактагычтар пайдаланылат.

Уникалдуу архитектуралык комплекс Таити аралынын жээгинде жайгашат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!