Желим баштыктарга 1-январдан тыюу салынат

Желим баштыктарга 1-январдан тыюу салынат
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 12:04

Өзбекстанда 2019-жылдын 1-январынан баштап желим баштыктарды аз пайдаланууга багытталган иштер пландалууда.

Турмуш тиричилик таштандыларына чара көрүү боюнча токтомго президент Шавкат Мирзиёев кол койгонун «Өзбекистан 24” телеканалы кабарлады.

Чечим жаратылышты булгай турган нерселердин өлчөмүн азайтууга максатында чыгарылган.

Документе өлкө полиэтилен таштандылары менен булганып жатканы жазылган. Ошондой эле 2019-жылдан баштап полимер тасмаларынан жасалган баштыктарды бекер таратуу токтотулары белгиленген. Булардан сырткары 2019-жылдын 1-январынан баштап соода тармагында товарларды таңгактоочу полиэтилен каражаттары жана сыйымдуулугу 5 литрден ашык желим идиштер өлкөгө киргизилбейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!