Голливуддун сүрөтчүсү дүйнөдөн кайтты

Голливуддун сүрөтчүсү дүйнөдөн кайтты
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 12:25

АКШда голливуддун сүрөтчүсү, бир нече тасмалардын афишаларынын автору Билл Голд 97 жаш курагында көз жумду. Ал Коннектикут штатындагы Олд Гринвич шаарындагы өз үйүндө болгонун “Hollywood Reporter” үй-бүлө мүчөлөрүнүн айтканына таянып жазган.

70 жылдык карьерасында Голд 2 миңден ашык афиша жасаган. Ал Альфред Хичкок, Федерико Феллин, Мартин Скорсез, Элиа Казан жана Роберт Альтман сыяктуу белгилүү режиссерлор менен иштешкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!