Принц Гарри жана Мегандын тою: урунттуу учурлар

Принц Гарри жана Мегандын тою: урунттуу учурлар
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 16:56

Виндзор сарайында ишемби, 19-майда Британияда жылдын үлпөт тою өттү. Анын күнөөкөрлөрү Британия тактысы үчүн тизмеде бешинчи болуп жазылган мураскор принц Гарри жана америкалык актриса Меган Маркл.

Бир жагынан караганда үлпөт толугу менен салтка жараша болгон сыяктанат. Протокол, укмуштуудай кооздуктар, келиндин достору, аны коштогон кичине кыздар.

Экинчи жагынан алып караганда бул иш-чара өткөндөрдөн айырмаланып, өзгөчөлөнүшү керек эле. Бул максатына да жетти.

“Би-би-си” кызматынын королдуктагы кабарчасы Жонни Даймонддун айткандарына караганда бул өзгөчө жуптардын өзгөчө үлпөтү королдуктун үй-бүлөсү үчүн жаңылык сыяктанат.

Келинчек кандай көйнөк кийди?

Меган кандай көйнөк кийгени көптөрдү кызыктырды. Ал Париждеги “Givenchy” мода үйүнүн эмгектерине басым жасаган.

Көйнөктү британиялык дизайнер, “Givenchy” үйүнүн креативдүү директору Клэр Уэйт Келлер иштеп чыккан.

“Маркл айым жана Уэйт Келлер дизайнынын үстүндө биргелешип иштешкен. Көйнөк “Givenchy” мода үйүнө мүнөздүү эскирбеген минималистик элеганттуулуктун үлгүсүндө болду. Ошондой эле 1952-жылы негизделген белгилүү Париждеги мода үйүнүнө чеберчилиги менен жасалды”,-деп жазган Кенсингтон сарайы тараткан билдирүүдө.

Келинчек кооздуктарды аз тагынууга аракет кылган. Көйнөкт болгону бриллиант сүйкө, “Cartier” ювелирдик компаниясынын билериги жана 1932-жылдагы королдуктун коллекциясына таандык тиара (тажы) толуктаган.

Фатасындагы гүлдөр Британ шериктештигине кирген өлкөлөрдүн биримдигин билдирип турат. Кыздардын жана курбу кыздардын көйнөгү “Givenchy” мода үйү тарабынан тигилген.

Иш-чарадан урунттуу учурлар

Мындай учурлар көп болду. Алардан коноктордун, көрүүчүлөрдүн эсинде калганэпизоду америкалык епископтун айткандары болду.

АКШнын епископалдык чиркөөсүнүн епискобу Майкл Каррини Чикагодон үлпөттүн күнөөкөрлөрү чакырышкан.

Анын сүйүүнүн күчү тууралуу айткандарына айрымдары күлсө, айрымдары таң калышкан.

Анын 13 мүнөттүк сөзү, ар тарапка кол булгалаганы барынын эсинде калды. Британиянын королевасы Елизавета II Карринин айткандарына абай салып турду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!