Тыңчыныны кызы: Аман калганыбызга кубанычтабыз

Тыңчыныны кызы: Аман калганыбызга кубанычтабыз
24-Май 2018, Бейшемби, 14:31

Англияда ууланган Россиянын мурдагы тыңчысы Серей Скрипалдын кызы Юлия айыгып, журналисттерге маек берди. “Дарылоо жай жана оор болду. Атам толугу менен айыга элек. Ага жардам бергим келет. Аман калганыбызга кубанычтабыз”,-деген Юлия келечекте Россияга кайра кайткысы келерин кошумчалады.

Кыз полициянын кайтаруусунда маек берди. Алар кайда кармалып турганын полиция билдирген жок.

Бул боюнча Кремлден билдирүү түштү. Анда Юлия Скрипалдын маеги көптөгөн суроо жаратары айтылды.

"Британия тарап эмдигиче Вена конвенциясынын шарттарын аткарган жок. Россия консулдугу эмдигиче Юлии Скрипал менен жолуга элек. Абалы кандай экенин белгисиз. Билдирүүнү өз эрки менен жасаганы же ага кысым болгону суроо жаратат”,-деди Вадимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков НТВ телеканалына берген маегинде.

Тыңчынын уулануусуна байланыштуу кризис батыш менен Россиянын ортосунда чыңалууга себеп болду. Россиянын дипломаттары бир топ мамлекеттен чыгарылды.

Сергей Скрипаль жана кызы Юлия Британиянын Солсбери шаарында март айынын башында эс учун жоготкон абалда табылган. Өлкөнүн премьер-министр Тереза Мэй парламенте алар Россиядан чыгарылган “Новичок” аттуу зат менен ууландырылганын айткан. Москва бул айыптоону четке кагып, РФнын химиялык куралдары Химиялык куралдарга тыю салган уюмдун көзөмөлүндө 2017-жылы жок кылынганын белгилеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!