Премьер-министр парламенттин имаратынын полун жууду

Премьер-министр парламенттин имаратынын полун жууду
5-Июнь 2018, Шейшемби, 15:18

Интернет тармактарына Нидерланддардын премьер-министри Марк Рюттенин парламенттин имаратынын полун жууп жатканы тууралуу видео тарады.

Андагы кадрлардан премьер капысынан кофе төгүп алганын, өзү тазалоону чечкенин көрүүгө болот.

Тейлөө кызматындагылар саясатчынын мындай аракетине кол чаап, кубатташкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!