Каза тапкан адам унаасы менен бирге жерге берилди

Каза тапкан адам унаасы менен бирге жерге берилди
5-Июнь 2018, Шейшемби, 15:29

Интернет желесинде өзгөчө видео пайда болду. Анда Кытайдын Сычуань аймагында болгон окуя тартылган. Кытайда кайтыш болгон адамдын туугандары сөөктү унаасы менен бирге жерге берүү чечимин кабыл алышкан.

Бул маркумдун акыркы тилеги болгон экен. Сөөктү өзүнүн сүйүктүү унаасы “Hyundai Sonataга” салып, казылган көргө унааны коюп, артынан экскаватор менен көмүп ташташкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!