Курт-кумурскалардын азайуусу кооптуу

Курт-кумурскалардын азайуусу кооптуу
6-Июнь 2018, Шаршемби, 09:39

Германияда курт-кумурскалардын саны азайган. Бул туурасында өлкөнүн Айлана чөйрөнү коргоо министрлигинин отчетунда жазылган.

Ага ылайык Кызыл китепке киргизилген 8 миң түрдүн 42 пайызы жоголуп кетүү коркунучунда же абдан сейрек кездешкендердин катарына кирген. Алардын ичинен өзгөчө изилдөөгө алынган 557 аарынын 40 пайызы жок болуу коркунучунда.

Министрлик буга чара көрүү зарылдыгын билдирди. Ошондой эле отчет бүгүн, 6-июнда Бремен шаарында өтө турган экологияны коргоо боюнча конференцияда сунушталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!