Билими начар студенттердин мугалимдери иштен кетет

Билими начар студенттердин мугалимдери иштен кетет
6-Июнь 2018, Шаршемби, 15:36

Өзбекстандын жогорку окуу жайларында профессор жана окутуучулардын ишмердиктери студенттердин сабактарындагы жетишкендиктеринин негизинде өлчөнөт.

Бул ЖОЖдордо билим деңгээлин көтөрүү боюнча президенттин токтомунда каралган.

Документке ылайык бул принциптин талаптарына дал келбеген окутуучулар менен эмгек келишими токтотулат.

Жогорку жана орто билим берүү министрлиги тиешелүү мекемелерге студенттердин билим деңгээлине баа берүү, жөнгө салуу боюнча жобону иштеп чыгууну тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!