Кумшекер тартыштыгы башталды

Кумшекер тартыштыгы башталды
6-Июнь 2018, Шаршемби, 16:49

Түркмөнстанда кумшекердин тартыштыгы байкалууда. “Түркмөнстан хроникасы” сайтындагы кабарларга караганда Дашогуз аймагындагы базарларда шекердин баасы 10-11 манатка жеткен. Ал эми коммерциялык дүкөндөрдө 7 манаттан турат. Бул да дайыма боло бербейт.

Азык-түлүктүн бул түрү болгон учурда да бир килограммдан ашык сатылбайт. Алгандарга кол койдуруп калат.
Эске сала кетсек, кумшекердин тартыштыгы өлкөдө 2016-жылдын жай айларында катталган. Анда бир адамга 3 килограмм гана берилген. Ал эми 2017-жылы анын килограммы 5 манаттан көтөрүлгөн эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!