4 миң коррупционер мекенине кайтарылды

4 миң коррупционер мекенине кайтарылды
7-Июнь 2018, Бейшемби, 11:47

Кытай бийлиги акыркы үч жылда дүйнөнүн 90 мамлекетинде жүргөн 4 миңден ашык качкын кылмышкерди мекенине кайтарды. Бул аракеттер “Асман тору” антикоррупциялык өнөктүктүн алагында ишке ашырылды.

Апрель айынын аягына чейинки мөөнөттө өлкөгө 4 миң 141 кылмышкер кайтарылган. Алардын 825и мурдагы мамлекеттик кызматкерлер. Ал эми элүү экиси бийлик тарабына катуу издөөгө алынгандардан. Эми Пекин мыйзамсыз чыгарылган 1,58 миллиард долларды кайтарганы турат.

Өлкөдөн чыгып кеткен паракор кызматкерлерди кармоого багытталган “Асман тору” өнөктүгү 2015-жылы башталган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын апрель айында коррупционерлер менен бирге алардын активдерин кайтарууга арналган “Асман тору-2018” кампаниясы старт алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!