Кытай Орто Азияга поезд каттамдарын көбөйтөт

Кытай Орто Азияга поезд каттамдарын көбөйтөт
7-Июнь 2018, Бейшемби, 12:30

Мамлекеттик “CCTV” телеканалы Кытайдан беш Орто Азия өлкөлөрүнө түз жүк ташуучу поезд каттамдары ачылганын кабарлады.

Алгачкы жүк поезд 29-мартта Кытайдын Хэнань провинциясынан 5 Орто Азия мамлекетине багыт алган. Аптада бир ирет болчу каттам Казакстандын чек арасынан өтүп, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга барат.

“Бир жол-бир алкак” долбоорунун бири бөлүгү катары ишке кирген темир жол тармагы Орто Азияга механикалык түзүмдөрдү, каучук жана түрдүү чийки заттарды ташыйт.

50 вагондуу поезд менен жылына 150-200 миң тонна жүк ташылаары белгиленди. Ошондой эле келерки жылдарда сапарлардын саны көбөйөөрү күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!