АКШ-Россия: канча аскердик базалары бар?

АКШ-Россия: канча аскердик базалары бар?
7-Июнь 2018, Бейшемби, 14:53

“Newsweek” журналы Россия жана АКШнын дүйнө жүзүндөгү аскердик базаларынын санын салыштырды. Вашингтондун бул тармакта бир топ алдыда болгонуна карабастан Москва глобалдык аренада таасирин көрсөтө алганы белгилүү болду.

Басылманын анализине караганда Россиянын чет өлкөлөрдө 21 аскердик базасы бар. Ал эми Вашингтондуку 600-900гө жетет. Булардын айрымдарында 10 аскер болсо да бары бир Россияныкынан он эсе көптүк кылат.

Американын мурдагы Коргоо министри жана Евразия боюнча жооптуу министрдин жардамчысы Эвелин Фаркас журналга берген маегинде бул көрсөткүчтөр Россиянын таасирдүү болуусуна тоскоолдук кыла албагандыгын айтты.

Фаркас Россия аскердик күчүн үнөмдүү пайдаланарын, көздөгөн максатына жетүү үчүн керектүү гана өлчөмүн керектерин айткан.

“Эгерде Россиянын булагы дагы көп болсо бир нече аскердик база түзмөк. Бирок Москва учурда колунда болгон мүмкүнчүлүктөрү менен эң жакшы иштерди жасоодо”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!