Малчы 8 миң койду дрон менен кайтарат

Малчы 8 миң койду дрон менен кайтарат
8-Июнь 2018, Жума, 13:54

Жаңы Зеландиянын Александр айылында жашаган Бретт Сандерс аттуу 8 миң койду дрон менен кайтарат.

Сандерс бул тъзъмдъ кыйын айдоо аянттарына колдонот. Чабандык кесиптин актуалдуулугу эскиргенине карабастан ал ишин алмаштырууну ойлоно элек.

“Негизинен чоң атам алгач жөө карачу. Андан соң ат менен кайтарчу. Өз атам доорго жараша мотоцикл алды. Албетте алдыга жылып бараткандайбыз. Эми мен дрон колдонгонум иши чындап эле жеңилдетти”,-деди.

Сандерс дронду башка иштерине да пайдаланат. Чарбасы тууралуу маалыматтарды, база топтойт.

Башка дыйкандар да анын иштөө ыкмаларын колдоно баштады. Бирок аймакка жаңылыкты Сандерс киргизип турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!