Трамп: Мухаммед Алини кечирем

Трамп: Мухаммед Алини кечирем
9-Июнь 2018, Ишемби, 13:06

АКШнын президенти Дональд Трамп аскерге барбаганы үчүн айыпталып, кийин Жогорку Сот тарабынан акталган белгилүү боксчу Мухаммед Алини кечирүүнү ойлонуп жатканын айтты.

2016-жылы көз жумган Мухаммед Али 1967-жылы Вьетнам согушуна катышуудан баш тартканы үчүн айыпталган. Бирок 1971-жылы бул чечим Жогорку Сот тарабынан бузулган. АК сарайдын G7 саммитине бара жаткан мезгилде журналисттер менен жолугушкан Трамп мунапыска байланыштуу суроолор жооп берген. Анда “Мухаммед Алини ойлоп жатам. Башкаларга да маани берем”,-деген.

Боксчунун адвокаты Рон Твеел билдирүүсүндө “Трамптын сезимдерин түшүнүп жатабыз. Бирок мунапыс эми керексиз”,-деген.

Акыркы жолу чоң энени кечирди

АКШнын президенти Дональд Трамп адилетсиз соттолгондорду камтыган 3 миң жаранга мунапыс берери күтүлүүдө.

Анын алкагында баңгизат боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган 63 жаштагы чоң эне Элис Жонсонду кечирген. Ал аялдын абалы Ким Кардашьян тарабынан Трампка айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!